ШКУга мүчө өлкөлөрдүн адилет министрлеринин жыйыны Бишкекте өтөт

23-Окт. 2017, Дүйшөмбү, 10:14

Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин адилет министрлеринин алтынчы кеңешмеси 2018-жылы Бишкекте өтөт.

Адилет министрлигинен кабарлашкандай, кеңешмени Кыргызстанда өткөрүү чечими Ташкентте өткөн бешинчи кеңешмеде кабыл алынган. Иш-чарага адилет министри Уран Ахмедов катышты.

Ташкентте өткөн жыйынга Индия, Казакстан, Кытай, Тажикстан, Россия, Пакистан жана Кыргызстандын юстиция министрлери чогулган. Афганистан, Иран жана Белоруссиянын өкүлдөрү байкоочу катары катышты.

Жыйында төртүнчү кеңешменин жыйынтыгы чыгарылып, ШКУга мүчө-мамлекеттердеги жарандык жана кылмыш иштери жаатындагы кызматташууну өнүктүрүүнүн маселелери талкууланды.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!