“Түндүк электр”: трансформатордон май уурдаган күч алды

23-Окт. 2017, Дүйшөмбү, 10:41

“Түндүк электр” ачык акционердик коомунун жабдууларынан трансформатордук майларды уурдоо күч алууда.

Аталган мекеменин маалымат кызматы билдиргендей, май уурдоо фактысы Чүй облусунда көп катталды. Өткөн аптанын жума күнү Панфилов РЭТине Панфиловское айылынын тургундары чалып, Ташкентская/Южная көчөсүндө жайгашкан №154 трансформаторунан күйүк жыттанып жатканын айтышкан. Текшергенге келген оперативдүү-чыгуу бригадасы курулай трансформаторду жана күйүп кеткен жогорку вольттогу сактоочун көрүшкөн. Белгисиз бирөөлөр 200 килограмм трансформатордук майды куюп алышкан.

19-октябрда да ушундай факты катталып, Москва районуна караштуу Петровка айылында белгисиз адамдар Беш-Терек жана Больничная көчөлөрүндө жайгашкан эки трансформатордон жалпысынан 450 килограмм майды куюп алышкан. Ага удаа ушул эле айылдын Центральная көчөсүндө жайгашкан трансформатордон 200 килограмм май уурдалган. Жабдуунун жогорку вольттогу сактоочу күйүп кеткен.

Бардык уурдалган окуялар боюнча энергетиктер материалдарды райондук ички иштер башкармалыгына тапшырган, келтирилген чыгымдардын суммасы такталууда.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!