Бишкекте ири өрт кырсыгы катталды

23-Окт. 2017, Дүйшөмбү, 11:12

Бишкек шаарында бир нече кафе, бир фитнес клуб күйүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 22-октябрда саат 10:17 чамасында Бишкек шаарынын Асанбай кичи районунда жайгашкан “Бигмар” ЖЧКна таандык имарат күйгөн.

Өрттүн жалпы аянты болжол менен 3100 чарчы метр, анын ичинен: 1800 чарчы метр машыгуучу залдын чатыры, 1000 чарчы метр “Корчма”, “Марио”, “Бухара”, “Асанбай”, “Ганбей”, “Барк Лайс”, “Кайзер” ресторан-кафелеринин чатырлары, «DELTA FITNES» клубдун 100 даана машыгуучу тренажерлор жана жалпы имараттын кире беришинде жайгашкан 300 чарчы метр жыгач устундуу жайкы эс алуучу жайдын чатыры толугу менен күйгөн.

"Өрттү өчүрүүгө 11 өрт өчүрүүчү унаа тартылып, саат 13:31де өрт чектөөгө алынса, саат 17:53дө толук өчүрүлгөн. Куткаруучулар тарабынан 13 адамга биринчи медициналык жардам көрсөтүлгөн",- деп айтылат маалыматта.

Өрттүн чыгуу себеби такталууда.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!