Төрага Опера жана балет театрына 500 миң сом бөлдү

23-Окт. 2017, Дүйшөмбү, 12:17

Жогорку Кеңешинин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын түзүлгөндүгүнүн 75 жылдык мааракесинин алкагында өткөрүлгөн Опера искусствосунун Болот Миңжылкиев атындагы үчүнчү эл аралык фестивалын жыйынтыктоо иш-чарасына катышты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештен билдиришти.

Опера жана балет өнөрүнүн очогу болгон театр кыргыз маданиятынын маанилүү борбору экенин белгилеген Төрага “Согуш жылдарындагы оор кырдаалга карабай 1942-жылы түптөлгөн театрыбызда эчендеген улуу инсандар өз өнөрүн кыргыз элине гана эмес, улуттук маданиятыбызды дүйнө элине тааныткан. Айрыкча, Болот Миңжылкиев агабыздын кыргыз опера өнөрүнө кошкон салымы өтө чоң”, – деди.

Ошондой эле СССР тарагандан бери, өлкөдөгү экономикалык каатчылыктан улам Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театры башка маданият борборлору сыяктуу көңүл сыртында калганын эске салган Чыныбай Турсунбеков: “Президентибиздин демилгеси менен акыркы жылдары маданият тармагына өзгөчө көңүл бурулууда. Буга театрдагы оңдоп-түзөөлөр анык далил. Андыктан, ушул багытыбыздан тайбай, мамлекетибиздин келечеги үчүн маданияттын өнүгүшүнө кам көрүшүбүз керек”,- деп кошумчалады. Андан тышкары, аталган театрдын оңдоп-түзөө иштерин зарыл болгон каражаттар сөзсүз бөлүнүшү керектигин белгилеген Жогорку Кеңештин Төрагасы, жеке резервдик фондунан 500 миң сом акчалай жардам көрсөттү.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!