​Таластагы жол кырсыктан эки адам көз жумду

23-Окт. 2017, Дүйшөмбү, 12:28

Талас облусунда эки жеңил унаа кагылышып, эки адам каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 22-октябрда болжол менен саат 09:00дөр чамасында аталган облустун Чоң-Токой айылында “Фольксваген” жана “Хонда-CRV” үлгүсүндөгү унаалар кагылышкан. Анын натыйжасында биринчи унаанын айдоочусу жана жүргүнчүсү каза болуп, экинчи унаадагы үч адам ооруканага жеткирилген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!