Бишкекте 8 объекти күйүп кетти (Фоторепортаж, видео)

23-Окт. 2017, Дүйшөмбү, 12:50

22-октябрда саат 10:17 чамасында Бишкек шаарынын Асанбай кичи районунда жайгашкан “Бигмар” ЖЧКна таандык имарат күйгөн. Кырсыктын кесепетинен улам “Корчма”, “Марио”, “Бухара”, “Асанбай”, “Ганбей”, “Барк Лайс”, “Кайзер” ресторан-кафелеринин чатырларын, «DELTA FITNES» клубдун 100 даана машыгуучу тренажерлорун жана жалпы имараттын кире беришинде жайгашкан жайкы эс алуучу жайдын чатырын толугу менен күйүп калган. Өрттү өчүрүүгө 11 өрт өчүрүүчү унаа тартылып, саат 13:31де өрт чектөөгө алынса, саат 17:53дө толук өчүрүлгөн. Куткаруучулар тарабынан 13 адамга биринчи медициналык жардам көрсөтүлгөн.

Белгилей кетсек, өрттүн жалпы аянты болжол менен 3100 чарчы метрди түзөт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!