​“Манас” айтуу боюнча республикалык сынак жыйынтыкталды

23-Окт. 2017, Дүйшөмбү, 13:11

Талас облусунда өткөрүлгөн “Ыйман, адеп жана маданият” жылынын алкагында республикалык “Салттуу маданият жумалыгы” кароо-сынагынын “Манас” айтуу боюнча жарышы жыйынтыкталды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министринин маалымат кызматынан билдиришти.

Республикалык кароо-сынак, 20-21-октябрда Таластагы Улуттук Манас ордо комплексинде өткөрүлдү.

Манас айтуу боюнча жеңишке жеткен манасчылар:

1 орун - Камил Мамадалиев (Талас областы), 100 000 сом,

2 орун - Салимбай Турсунбаев (Жалал-Абад областы), 70 000 сом,

3 орун - Тилек Асан уулу (Ысык-Көл областы) жана Нурбек Талантбековго (Нарын областы) 50 000 сом байге ыйгарылды.

Мындан тышкары Төлөбек уулу Мусага (Бишкек шаары), Өмүрбек Токтогуловго (Чүй облусу), Абдыманап Сапаралиевге (Ош облусу) 5 миң сомдон берилди.

Кароо-сынактын негизги максаты, салттуу маданиятты улуттук нукта өнүктүрүү, элдик чыгармачылыктын деңгээлин жогорулатуу, эл арасынан чыккан өнөрпоздорду жана аткаруучуларды телерадио, басма сөз аркылуу элге таанытуу болуп саналат.

Манас айтуу боюнча сынакка белгилүү манасылар жана окутуучулар Назаркул Сейдрахманов, Самат Көчөрбаев жана Замирбек Баялиев калыстык кылышты.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!