Кыргызстанда теракт уюштурууга шектелген жаран кармалды

23-Окт. 2017, Дүйшөмбү, 13:54

Эл аралык террордук топтун дагы бир мүчөсү кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 25-сентябрда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка караганда, Жалал-Абад облусунун 1986-жылы туулган А.Н. аттуу тургуну 2015-жылдан бери эл аралык террордук топтун курамында болуп, Сириянын өкмөттүк күчтөрүнө каршы согуштук аракеттерге катышкан.

"Кармалган жаран Сириядагы террордук топтордун башчыларынын тапшырмасы менен Кыргызстанда теракт уюштуруу жана ишке ашыруу максатында келген. Учурда ал УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, териштирүү иштери жүргүзүлүп жатат", - деп айтылат маалыматта.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!