Муниципалдык мончо иштей баштады

24-Окт. 2017, Шейшемби, 10:43

Борбор калаадагы №5 муниципалдык мончо ремонттон кийин ишке берилип, бүгүндөн тарта иштей баштады. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.

Мончо 2017-жылдын 3-июлунда оңдоо иштерин жүргүзүү үчүн жабылган болчу.

"Мончого косметикалык ремонт жасалды. Келген адамдарга ыңгайлуу болушу үчүн унаа токтотуучу жайы ачылды. Объект 24-октябрдан тарта иштей баштайт", — деп айтылат маалыматта.

Муниципалдык мончо 1968-жылы курулуп, Гагарин көчөсүндө жайгашкан. Эртең менен саат 8ден тарта кечки 8ге чейин иштейт.

Тегдер:
Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!