Жөрмөлөгөн наристелердин жарышы өтөт

24-Окт. 2017, Шейшемби, 11:21

Борбор калаада биринчи жолу 4-ноябрь күнү жөрмөлөп жүргөн наристелер арасында чемпионат өтөт.

Иш-чара Бишкектеги “Бишкек парк” соода борборунда болот.

Уюштуруучулардын айтымында, сынакка 36 айдан ашпаган наристелер гана катыша алат.

Сынактын шарты боюнча наристелер 10 метр аралыкты жөрмөлөп өтүүсү керек. Ата-энелер болгону балдарына тийбестен, тургузуп гана кое алышат.

Жеңүүчүлөргө эстелик белектер тапшырылат. Каалоочулар үчүн эшик ачык.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!