Милиция унаа коюп кеткен жигиттин өздүгүн аныктоо үчүн элге кайрылды

24-Окт. 2017, Шейшемби, 11:26

22 күн мурда Бишкек-Ош жолунун 639-чакырымындагы кырсыктан каза болгон жаш жигиттин өздүгү аныкталбай жатат. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 2-октябрь күнү саат 03:00 чамасында Кара-Суу районунун Катта-Талдык айыл аймагында 20-25 жаштагы жигитти унаа сүзүп кеткен.

Учурда айдоочу кармалып, териштирүү иштери жүрүп жатат. Бирок каза болгон жарандын өздүгү бүгүнкү күнгө чейин тактала элек.

Өзгөчө белгилери: бою болжол менен 160-165 см, чачы, кашы, көзү кара, арык дене түзүлүштө, сол жаагынын үстүндөгү 4-5 тиши сынган.

Кийген кийимдери: «Reebok» деген жазуусу бар көк түстөгү сырткы кийим. Ак түстөгү футболка, кара түстөгү спорттук шым. «Nike» деген жазуусу бар боз түстөгү байпак. Ошондой эле, жанында «Vans» жазуусу бар сумка болгон.

Бул адамды тааныгандар же маалыматы барлар 03232 5-31-81, факс: 03222 5-81-28, 0709-92-60-60, 0550-33-43-23, 0770-20-20-00 телефон номурларына кабарласа болот.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!