Тармактык комитет Казакстандын жардамынан баш тартууну колдоду

24-Окт. 2017, Шейшемби, 11:43

Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитети өкмөттүн Казакстандын 100 млн. долларлык техникалык жардамынан баш тартуу демилгесин колдоду.

Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы билдирди.

Казакстан жогоруда аталган жардамды Кыргызстандын ЕАЭБге интеграциялануу шарттарында техникалык көмөк көрсөтүү максатында бермек болгон. Эки өлкөнүн өкмөттөрү тиешелүү макулдашууга 2016-жылдын 26-декабрында Санкт-Петербург шаарында кол коюшкан.

2014-жылдын 7-ноябрында ЕАЭБдин алкагында жол картасын ишке ашыруу үчүн Казакстан Кыргызстанга 100 млн. доллар өлчөмүндө жардам бөлүүсү боюнча президенттердин ортосунда макулдашуу болгон.

Кыргызстан ЕАЭБдин курамына кирген соң, бул каражатка өлкөнүн бажы обьекттерин жакшыртууга, ветеринардык лабораторияларды курууга жана башка маанилүү чоң көлөмдөгү иштерди аткаруу каралган. Бирок, макулдашууда жок нерселерди себеп кылып, казак тарап бул келишимди создуктуруп келген.

Ошондой эле, казак тараптын каражатын күтпөстөн, кыргыз тарап 4 лаборатория курган. Ага бюджеттен 172 млн. сом бөлүнгөн. Дагы 19 лабораториянын курулушу аяктоо алдында турат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!