Исхак Раззаковдун бейнесине арналган көргөзмө өтөт

24-Окт. 2017, Шейшемби, 12:07

Эртең, 25-октябрда көрүнүктүү мамлекеттик жана саясий ишмер Исхак Раззаковдун өмүр жолуна арналган көргөзмө өтөт.

Иш-чара “1945-1960-жылдары Исхак Раззаковдун Кыргызстандын маданиятынын өнүгүшүнө кошкон салымы” деп аталат. Аны Бишкек шаарындагы мемориалдык музейлердин бириккен дирекциясы жана Раззаков атындагы үй-музейи уюштурууда.

Көргөзмөгө Исхак Раззаковдун туугандары, студенттер жана шаар тургундары катышат.

Белгилүү мамлекеттик ишмер 1950-1961-жылдары Кыргызстандын коммунисттик партиясынын биринчи катчысы болуп эмгектенген. Ал өлкөдө 16 жыл жогорку мамлекеттик кызматтарда иштеген. Кыргызстандын экономикасына жана маданиятынын өнүгүшүнө чоң салымын кошкон инсан катары айтылып келет.

Ал 1910-жылы 25-октябрда Фергана облусунун Коросон айылында туулган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!