Ошто журналист Алишер Саиповдун үй-музейи ачылды

24-Окт. 2017, Шейшемби, 12:48

Мындан он жыл мурда ушул күнү белгисиз бирөөлөр тарабынан атып өлтүрүлгөн журналист Алишер Саиповдун үй-музейи Ош шаарында ачылды.

Бул тууралуу маркум журналисттин бир тууган иниси Шохрух Саипов билдирди.

Үй-музейде маркум Саиповдун жеке буюмдары, кийим-кечеси жана сүрөттөрү өзү өскөн үйдүн бир бөлмөсүнө жайгаштырылып, музейге айланды.

Ал негиздеген “Саясат” гезитинин юбилейлик номери туугандары тарабынан басылып чыгып, журналист тууралуу эскерүүлөр орун алган.

Саипов журналисттик ишмердүүлүгүндө диний, саясий темадагы курч макалаларды жазып, бир катар эл аралык басылмалар менен иштешип келген.

Буга чейин журналисттер арасында Алишер Саипов атындагы сыйлык кесиптештери тарабынан негизделген.

2007-жылы 24-октябрда 26 жаштагы Алишер Саиповду өзү негиздеген басылманын редакциясы жайгашкан имарттан алыс эмес жерде белгисиз бирөөлөр атып кеткен. Бирок ушул күнгө чейин кылмыштын бети ачыла элек.

Маркумдун артында калган жалгыз кызы 10 жашка чыкты.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!