​Амантур Мусаев бойдокчулук менен коштошту

24-Окт. 2017, Шейшемби, 13:23

“Көргүм келет”, “Миллиондук мелдеш”, “Поларис шооласы” жана башка тасмаларда башкы каармандын ролун ойногон белгилүү актёр Амантур Мусаев 26 жаш курагында бойдокчулук менен коштошту. Ал Баткен облусунун Лейлек районунун 21 жаштагы тургуну Миргүл аттуу кызга баш кошту.


Эки жаш мындан үч жыл мурда таанышкан. Алардын тоюна белгилүү ырчылар жана куудулдар, кесиптештери катышты. Алар, Айнура Салахидинова, Кубаныч Сатаев, Дайыр Исмадияров, Курал Чокоев жана башкалар.

Буга чейин актёр чыгармачылыгы жана жеке жашоосу тууралуу «Заман Кыргызстан» гезитине берген маегинде чыгармачылыгын түшүнгөн кызга баш кошоорун айткан эле.

«Чыгармачылыгымды түшүнгөн жар алгым келет. Анткени кээде түнү менен съемкадан колубуз бошобосо, айрым учурда спектаклде түйшүктөр жаралат. Улуу муундагы актёрлор “чыгармачылыгыңды түшүнбөгөн жарга баш кошуп алсаң, бири-бириңде түшүнбөстүктөр орун алат. Андыктан сени түшүнгөн жарга үйлөн деп айтып калышат”,-деген пикирин билдирген болчу.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!