Муфтийге «Серебряный полумесяц» медалы ыйгарылды

24-Окт. 2017, Шейшемби, 13:42

Орусия Федерациясынын Свердлов областынын Муфтийи Ашарин Николай Иванович улуттар арасындагы достукту, мамлекеттер арасындагы дин башкармалыктардын кызматташуусуна жана элдин ынтымагын бекемдөөгө кошкон салымы үчүн Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушевди «Серебряный полумесяц» медалы менен сыйлады. Бул тууралуу Кыргызстан Мусулмандар дин башкармалыгынан билдиришти.

Саамалыктын алкагында Свердлов областынын Муфтийи Ашарин Николай Иванович Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушевдин мындан аркы ишине ийгилик каалады. Ошондой эле эки өлкөнүн достугу, ынтымагы бекемделерине тилектештигин билдирди.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!