​Жөө жүргүнчүнү өлтүрө сүзгөн айдоочу кармалды

24-Окт. 2017, Шейшемби, 14:31

Бишкек-Торугарт жолунда 60 жаштагы жөө жүргүнчү сүзүп, качып кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 24-октябрда Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын Патрулдук милиция кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 28-август күнү Кемин РИИБнин нөөмөт бөлүмүнө “Бишкек-Торугарт” автожолунун 78-чакырымында жол-транспорттук кырсык болгону маалымдалган. Окуя болгон жерге Чүй ОИИББнин Патрулдук милиция башкармалыгынын жана тез жардам кызматынын кызматкерлери келишкен. Белгисиз айдоочу автоунаасы менен чыгыштан батышка карай сапар алып бара жатып, жөө жүргүнчүнү сүзгөн. Жардам көрсөтпөстөн, изин жашырган. Жол кырсыгынын кесепетинен 60 жаштагы жаран алган жаратынан улам окуя болгон жерден каза болгон.

“Аталган башкармалыктын кызматкерлери тарабынан айдоочунун өздүгү менен автоунаасы такталган. Ал 28 жаштагы Ысык-Ата районуна караштуу Ивановка айылынын тургуну болуп чыккан. Шектүүнү кармоо учурунда күнөөсүн толугу менен мойнуна алган. Ошондой эле кылмышкердин «Мерседес-Бенц-Спринтер» үлгүсүндөгү автоунаасы айып пул төлөөчү жайга жеткирилген”,- деп айтылат билдирүүдө.

Учурда бул факты боюнча кылмыш иш козголуп, айдоочу убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тергөө иштери жүрүп жатат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!