Президент кыргыз-орус фонд турак-жай курууга катышуусу керектигин белгиледи

24-Окт. 2017, Шейшемби, 15:03

Бүгүн, 24-октябрда президент Алмазбек Атамбаев Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун жетекчиси Эркин Асрандиевди кабыл алды.

Мамлекет башчынын маалымат кызматы билдиргендей, жолугушууда Асрандиев орто жана чакан бизнестин долбоорлорун каржылоо көлөмү 17,3 млрд. сомдон ашкан насыя портфелинин өсүү динамикасы, ошондой эле, ишкерлердин жеңилдетилген насыяларга жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берди.

Анын айтымында фонд бөлгөн каражаттардын көп бөлүгү агрардык өнөр жай комплексине жана өндүрүш тармагына жумшалып жатат. Ал эми жактырылган 780 долбоордун үчтөн экиси аймактарга туура келет.

Мамлекет башчысы фонд өлкөдө турак-жай тармагын каржылоого жигердүү катышуусу керектигин белгиледи.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!