Кара-Көлдө ысырапкерчилик 90 пайызга азайды

24-Окт. 2017, Шейшемби, 16:04

Жалал-Абад облусунун казысы Абдулазиз кары Закировдун иш мерчемине ылайык Кара-Көл шаарында ысырапкерчиликтин алдын алуу жана түшүндүрүү иштеринин натыйжасында шаар аймагында буга байланыштуу иштер бир топ жолго коюлгандыгын баш имам хатиби Бектен ажы Керезбаев билдирди.

Анын айтымында түшүндүрүү иштерин жергиликтүү жашоочулар жана активисттер колдоого алышкан. Анын натыйжасында аймакта ысырапкерчилик 90 пайызга чейин азайган.

Ал эми шаардык мэриянын алдында түзүлгөн ысырапкерчиликтин алдын алуу жана каада-салт, үрп-адат комиссиясынын төрагасы Камчыбек ажы Көлбаев облус казысы жана шаар хатибинин демилгесинин негизинде “Ысырабың тыя билсең сен эгер, дөөлөт жиби колумда деп биле бер” аттуу иш-чара өткөрүшүп, анын алкагында бүгүнкү күнгө чейин түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп келет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!