Ысык-Көлдө жеңил унаа жолдон чыгып кетти

24-Окт. 2017, Шейшемби, 16:13

Ысык-Көл облусунда жеңил унаа жолдон чыгып, оодарылып кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 23-октябрь күнү болжол менен саат 16:45 чамаларында аталган облустун Бөкөнбаев айылындагы “Рыбзавод” тилкесинде “Москвич-412” үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай жолдон чыгып, оодарылып кеткен. Аынын кесепетинен жаракат алган айдоочуну куткаруучулар унаадан чыгарышып, тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!