​Ноокенде жаңы салынып жаткан үй өрттөндү

25-Окт. 2017, Шаршемби, 10:27

Ноокен районунда белгисиз себептерден бүтө элек үйдүн чатырынан өрт чыкты. Бул тууралуу бүгүн, 25-октябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 23-октябрда саат 12:25 чамасында Ноокен районунун Таштак айылында Эргешов көчөсүнүн 12-дарегинде аянты 185 чарчы метрлик курулушу аяктай элек турак үйдүн чатыры жана 1 бөлмөсү күйгөн.

Учурда өрттүн себеби такталууда.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!