Жөө жүргөн эки кызды унаа сүзүп кетти

25-Окт. 2017, Шаршемби, 11:19

Бишкек шаарында жөө жүргүнчүлөр өтүүчү өтмөктөн эки кызды жеңил унаа сүзүп кетти. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, жол кырсык кечээ, 24-октябрда саат 16:50 чамаларында катталган. Анда «Хонда-СRV» үлгүсүндөгү унаа Чүй менен Валиханов көчөсүнүн кесилишинде жөө жүргүнчүлөр өтүүчү өтмөктөн өтүп бара жаткан эки кызды сүзүп кеткен. Кырсыкка кабылган кыздар ооруканага жеткирилген. Учурда жол кырсыгы боюнча топтолгон материалдар Бишкек ШИИБге өткөрүлүп берилген.

Ошондой эле унаанын айдоочусу милиция пунктуна, ал эми анын унаасы айып пул төлөөчү жайга жеткирилген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!