Бишкектин бир катар аймагында суу убактылуу берилбейт

25-Окт. 2017, Шаршемби, 11:49

Эртең, 26-октябрда саат 9:00дөн 20:00гө чейин Бишкектин бир топ аймактарында ичүүчү суу убактылуу берилбейт. Бул туурасында мэриянын маалымат кызматынан кабарлашты.

"Бишкек суу канал" ишканасынан билдиргендей, "Түндүк" суу кампасындагы оңдоо иштерине байланыштуу Күрөңкеев, Абдрахманов, Элебесов, Саадаев, Жаш Гвардия, Урицк көчөлөрү менен Ала-Арча аймагына суу берилбейт.

Суу берилбей турган аймактар:

- "Красный строитель";

- "Көлмө";

- "Ак-Тилек";

- "Алтын-Бешик";

- "Саламалик" конуштарында;

- №№18, 33, 35 мектептерде, №12 бала бакчада;

- Пакистан элчилигинде;

- Автобекеттер менен автостанциялардын Чүй бирикмесинде;

- Краснодончулар, 24 көчөсүндөгү Улуттук Гвардиянын штабында;

- "Электросила" ишканасында;

- Кургак учукка каршы шаардык ооруканада;

- 41069 аскердик бөлүгүнүн аскер комиссариатында;

- КРдин Илимдер академиясынын биотехнология институтунда;

- "Химиялык завод" жеке ишканасында;

- "Бишкек суу каналдын" атайын автобазасында;

- Фере көчөсүндөгү "Бишкектурбазасы" туркомплексинде болбойт.

"Бишкек сууканал" башкармалыгы шаар тургундарын алдын ала суу камдап алууну эскертет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!