Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кылмышка шектелип кармалды

25-Окт. 2017, Шаршемби, 12:00

Ош шаарында мурда соттолгон жаран опузалоо менен тоноого шектелип кармалды Бул тууралуу бүгүн, 25-октябрда Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, милиция кызматкерлерине 9-октябрь күнү кечинде 30 жаштагы Ош шаарынын жашоочусун сабап, тоноп кетти деген маалымат келип түшкөн. Жогорудагы маалыматты текшерүү учурунда кордук көрсөтүү менен опузалоо фактылары аныкталган.

Ошондой эле, маалымат боюнча бейтааныш адамдар жабырлануучуну конокко чакырышкан. Андан кийин, ур-токмокко алышып, коркутушкан. Опузалоо менен жабырлануучуга таандык «Мерседес-Бенц» үлгүсүндөгү автоунаасын документтери менен алып коюшкан.

«Бул факты боюнча кылмыш иш козголгон. Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында Кара-Суу районунун 26 жаштагы М.Н. аттуу жашоочусу кармалган. Ал мурда опузалоо, адамдын ден-соолугуна атайылап оор залал келтирүү фактылары боюнча соттолгону жана уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин атайын каттоосунда турганы анык болгон. Жабырлануучунун автоунаасы кармалган жарандан алынган»,-деп айтылат билдирүүдө.

Учурда кылмышка шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, иликтөө иштери жүрүп жатат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!