Ондон ашуун улуттун эли жашаган Ырдык айылындагы музей (фоторепортаж)

25-Окт. 2017, Шаршемби, 12:39

Ысык-Көлдүн Жети-Өгүз районундагы Ырдык айылында 2700дөн ашуун эл жашайт. Ондон ашуун ар улуттун өкүлдөрү бар. Алардын көпчүлүгүн дунган эли түзүп, кыргыз, калмак, татар, украин, казак, уйгур сыяктуу башка улуттар дагы жашайт. Айылда жападан жалгыз этнографиялык музей бар. Анда жергиликтүү ар улуттун тарыхын, маданиятын, каада-салтын баяндаган тарыхый экспонаттар, буюмдар коюлган.

Zaman.kg маалымат агенттигинин кабарчысы 140 жылдык тарыхты камтыган музейде болуп, жакындан таанышып кайтты.


Ырдык айылынын тургуну, музейдин кызматкери Люшур Дагазиевдин айтымында, музейде 13 улуттун 60 дан ашуун экспонаты сакталган. Мындан тышкары айылда 100 жылдан ашуун сакталып калган курулуштар бар. Орто Азияда жалгыз деп эсептелген «карыган» дарбаза бир кылымдан ашык өмүр сүрүп, реконструкцияга муктаж болууда.

Көп улуттуу Ырдык айылынын тургундары кол менен жасаган эмгектер.

Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары.

Тамактын 8 түрүн бышыруучу жыгачтан жасалган буюм. Жергиликтүү тургундардын айтымында бул буюмда жасалган тамактар даамдуу келет.

Айыл тарыхка бай. Андыктан көп жылдан бери сакталып калган жыгач буюмдарды кеңири кездештирүүгө болот.


Дунган эли 1940-жылга чейин колдонгон манты казаны. Манты казан жыгачтан жана кайыштан ашталып жасалган.

Дунган элинин улуттук кийими.

Жергиликтүү айыл тургундарынын колго жасалган эмгектери музейдин көркүн ачат. Анын арасынан кыргыздын ак калпагын көрүүгө болот.

Музейдин эшиги дайыма ачык. Ырдык айылы 1877-жылы түптөлгөн. «Ырдык» сөзүн кыргызча которгондо «экинчи кокту» дегенди билдирет.

Айыл тургундарынын басымдуу бөлүгү дунган эли болгондуктан, алар колдонгон тарыхый буюмдар, экспонаттар музейде арбын.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!