“Музыкага ким төлөйт?” комикс-журналынын бет ачары өттү

25-Окт. 2017, Шаршемби, 15:26

25-октябрда Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын алдындагы Интеллектуалдык менчик мамлекеттик фонду “Музыкага ким төлөйт?” жана “Авторду! Авторду” аттуу комикс-журналдарынын бет ачарын өткөрдү. Бул тууралуу Кыргызпатенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Иш-чаранын максаты – авторлордун укугун коргоо, автордук укук боюнча элдин калың катмарына жөнөкөй сүрөттөлүш менен керектүү түшүнүктөрдү жеткирүү.

Иш-чаранын жүрүшүндө Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз Мамлекеттик искусство жана маданият университетинин жана К. Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин студенттери атайын даярдалган ыр, бийлерди тартуулашты.

Презентацияга автордук укук боюнча атайын адистер, маданият кызматкерлери, ырчылар, жазуучулар, обончулар, Кыргызпатенттин кызматкерлери жана студенттер катышты.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!