Кыргыз-казак чек арасы: орток пикир табылбады

26-Окт. 2017, Бейшемби, 10:06

Өкмөт башчы Сапар Исаков Арменияда өткөн ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын жыйынында кыргыз-казак мамлекеттик чек арасындагы абалга токтолду.

«Биз премьер-министрлердин деңгээлинде өзүбүздүн өнөктөштөр менен сүйлөшүүлөрдү жургүзүп жатабыз. Ортодо айрым маселелер болгонуна жана алардын кээ бирлери чечилгенине сиздер баарыңыздар күбө болдуңздар. Бул үчүн биз казак тарапка ыраазычылыгыбызды билдиребиз. Бирок маселе ушундай көйгөйлөр жаралышы керек беле, бул биздин өнөктөштүгүбүзгө дал келеби дегенде турат», – деди өкмөт башчы.

Премьер-министр 10-октябрдан тарта Казакстан кыргыз-казак жана орус-казак чек араларында транспорт каражаттарынын, жүргүнчүлөрдүн жана товарлардын өтүүсүнө күчөтүлгөн тартип киргизгенин маалымдады.

«Бүгүнкү күндө бул маселе чечилбей жатат. Бирок биз казак тараптын бул маселени чечерине ишеним арткыбыз келет. Анткени биздин ортодогу түзүлгөн келишимдерге ылайык бардык жүк ташуучу жана жеңил унаалар, жүргүнчүлөр жана товарлар эч кандай тоскоолдуксуз чек арадан өтүшү керек», – деп кошумчалады Исаков.

Өкмөт башчы ЕАЭБдин буюмдар, капиталдык тейлөө кызматтарынын жана жумушчу күчтөрүн эркин чыгаруу боюнча принциптери бар экенин айтып, Казакстан бардык болуп жаткан көйгөйлөрдү чечерине терең ишенерин билдирди.

Белгилей кетсек, 18-октябрда Сапар Исаков расмий Астанага барып, казакстандык кесиптеши менен кыргыз-казак чек арасындагы абал тууралуу сүйлөшкөн. Жыйынтыгында 10-октябрдан бери чыңалып турган кырдаал жеңилдеп жеңил унаалар, жай тургундар, жүк ташуучу бош унаалар тоскоолдуксуз өтө баштаган.

Ушул тапта “Акжол”, “Ак тилек” жана “Чоң-Капка” өткөрмө бекеттеринде тыгын уланууда.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!