Милиционер кесиптешин атып өлтүрдү

26-Окт. 2017, Бейшемби, 11:23

Нарын шаарында милиция кызматкери капыстан өз кесиптешин атып алды. Бул тууралуу бүгүн, 26-октябрда Нарын облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 25-октябрь күнүн саат 18:15тер чамасында Нарын ШИИБинин күзөт бөлүмүнүн курал сактоочу бөлмөсүндө куралын тапшырып жаткан 26 жаштагы ага сержант М.Н. капысынан милициянын старшинасы Ж.У. тарапка ок чыгарып алган. Атылган ок кесиптешинин көкүрөгүнө тийип, жабырлануучу көп узабай ошол жерден каза болгон.

Учурда териштирүү иштери жүрүп жатат.

ИИМдин басма сөз кызматынын билдирүүсү боюнча, алар окуя болгон учурда кызматтан кийин курал-жарактарды тапшыруу үчүн куралдар сакталуучу бөлмөдө турушкан.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!