​Ошто жер титирөө катталды

26-Окт. 2017, Бейшемби, 12:20

Ош облусунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.

Улуттук илимдер академиянын Сейсмология институтунун болжолдуу маалыматы боюнча, бүгүн, 26-октябрда таңкы саат 07:35 чамасында Чоң-Алай районунда күчү 2,5 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Жер титирөөнүн очогу Кыргызстандын аймагында жайгашып, Жайылма айылынан түштүк-чыгышты карай 15 чакырым, Кашка-Суу айылынан түштүк-чыгышты карай 17 чакырым, Кара-Кабак айылынан түштүк-чыгышты карай 19 чакырым, Кабык айылынан түштүк-батышты карай 20 чакырым, Ош шаарынан түштүк-батышты карай 90 чакырым аралыкта жайгашкан.

«Калктуу пункттарындагы жер титирөөнүн активдүүлүгү: Жайылма, Кашка-Суу, Кара-Кабата – 3 баллга жакын, ал эми Кабык айылында – 2,5 баллга чейин жеткен»,- деп айтылат билдирүүдө.

Алдын ала алынган маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор жок.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!