Кайрымдуулук кофе фестивалы өтөт

26-Окт. 2017, Бейшемби, 12:20

11-ноябрь күнү Бишкекте соода борборлорунун биринде кайрымдуулук кофе фестивалы өтөт.

Уюштуруучулардын бири Мээрим Абдрахманова ZAMAN.KGге” билдиришкендей, фестиваль кофе сүйүүчүлөр менен кесипкөй кофе жасоочулардын башын бириктирүү менен аскер кызматкери Аскар Ташкенбаевдин Москвада өтө турган дарылануусуна жумшалат.

Кайрымдуулук иш-чарасын “Мен Басалам” жана “Brew place” командалары уюштурууда.

Максаты - жардамга муктаж Аскардын дарылануусуна каражат топтоо менен биргеликте шаардагы кофе индустриясын өнүктүрүү.

Иш-чарада миңдеген кофе жасоочулар жаңы трендде чыгып жаткан кофе индустриясы, дүйнөдөгү кофелердин өзгөчөлүктөрүн көрсөтүп беришет.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!