Бегимай Карыбекова сулуулар сынагына барбайт

26-Окт. 2017, Бейшемби, 12:37

Кыргызстандык сулуу Бегимай Карыбекова Кытайдын Санья шаарында өтүп жаткан “Дүйнө сулуусу -2017" сулуулук конкурсуна катышпай калды. Бул тууралуу Карыбекова өзүнүн соцтүйүндөгү баракчасына жазды.

Анын айтымына караганда, Кытай элчилигинен виза албай калгандыктан сынакка катышпай калган.

«Көпчүлүк мени менен кошо тынчсызданып жатышты. Мага да виза алып, сынакка катышамбы деген суроо абдан кызык болду. Тилекке каршы, биз жооп күтүп жатканда «Дүйнө сулуусу» сынагы башталып калды. Дайыма мени менен кошо тынчсызданып жана мени колдогон адамдарга, Президенттин аппаратына, вице-премьер министр Чолпон Султанбековага өзүнчө ыраазычылыгымды билдиргим келет. Ошондой эле өлкөнүн төртүнчү бийлиги болгон жалпыга маалымдоо каражаттарына ыраазычылык билдирем. Кайгырып жатам, бирок бул абал мага күчтүү болууга түрткү берет. Менин менеджерим Кытай элчилигине күнүгө чалып виза меселелсин чечип берүүнү суранып жатты. Бирок майнап чыккан жок», - деди ал.

Белгилей кетсек, учурда Кытайда «Дүйнө сулуусу-2017» сынагы өтүп жатат. Сулуулар сынагы 20-октябрда башталган.

Буга чейин Карыбекованын кыргыз жерин даңазалаган тасмасы YouTube каналына жайгаштырылган. Тасмада кыргыз жеринин ажайып кооздугун, жаратылышын, маданиятын көрүүгө болот.

19 жаштагы Бегимай Карыбекова аталган сынакка катышуу үчүн ушул жылдын 5-апрелинде Бишкекте өткөрүлгөн сулуулар конкурсунда 17 бийкечтин ичинен "Кыргызстан сулуусу-2017" наамын жеңип, жолдомо алган болчу.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!