Ноябрдын башында төрт күн эс алабыз

26-Окт. 2017, Бейшемби, 13:27

Кыргызстандыктар ноябрь айынын башында төрт күн катары менен эс алышат.

Премьер-министр Сапар Исаков ноябрь айынын башындагы майрамдарга карата дем алыш күндөрдү жылдыруу боюнча токтомго кол койду. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, 6-ноябрдагы дем алыш күнү 28-октябрга которулду. Ал эми 4-5-6-7-ноябрь күндөрү дем алыш болот.

Мындай чечим дем алыш жана жумуш эмес күндөрдү ырааттуу пайдалануу максатында кабыл алынган.

7-ноябрь - Улуу Октябрь Социалисттик революциясынын күнү катары кызыл датага кирген. Кийинчерээк бул күн өлкөдө басма сөз жана маалымат кызматкерлеринин күнү катары белгилене баштады.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!