Кагаздан акча жасап кармалышты

26-Окт. 2017, Бейшемби, 13:36

Бишкекте Гвинея жана Камерундун жарандары алдамчылыкка шектелип кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 26-октябрда Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалымат ылайык, кармалган эки чет өлкөлүк жарандарга кагаздан жасалма доллар акча каражатын жасап берүү боюнча өздөрүнүн кызматын сунушташкан. Ошондой эле алар Кыргызстанга келгенден кийин, жабырлануучулардан ири суммадагы акча каражатын алышып, аны эки эсе көбөйтүп беребиз деп убада берип, алдап жүрүшкөн. Алар жөнөкөй кара кагазды кантип акчага айлантышаарын дагы көргөзүп беришкен. Кылмышкерлер ишенчээк адамдарды өз туткунуна илүү үчүн издеп жүрүшкөн.

Жакында чет өлкөлүктөр Бишкек шаарынын жашоочусун өздөрү жашаган батирге чакырышып, жөнөкөй кагаздан кантип акча жасаларын көрсөтүшкөндүгү тууралуу ыкчам маалымат ИИМге келип түшкөн. Кылмышка шектүүлөр жаранды ири суммадагы акча каражатын алып келсең, аны биз эки эсе көбөйтүп беребиз деп убада беришкен.

«ИИМдин кызматкерлери жогорудагы кылмышка шектүүлөрдун өздүгүн тактоо максатында ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүү учурунда алар өздөрүнө тиешелүү жасалма доллар акча каражаттарын жасоо үчүн жарандан жалпы суммасы 20 миң евро акча талап кылышканын аныкташкан. ИИМдин кызматкерлери тарабынан Бишкек шаарынын Калык Акиев көчөсүнөн Камерун мамлекетинин 53 жаштагы Б.Ж. жана Гвинея өлкөсүнүн 50 жаштагы Н.Н. аттуу жарандары кармалган. Кармалган жарандар алдамчылык иш-аракеттерине шектелүүдө»,- деп айтылат билдирүүдө.

Ошондой эле жогоруда көрсөтүлгөн жарандардын убактылуу жашоочу батирин текшерүү учурунда ар кандай аспаптар (медициналык бет кап, конверттер, тунук суюктук) табылып алынган.

Жогорудагы факты боюнча кылмыш иши козголуп, чогултулган материалдар Бишкек шаарынын Ленин РИИБне катталган. Учурда кармалган жарандар убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө амалдары жүрүп жатат.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!