Сайкалдын өкүл апасы Самара Каримова болот

26-Окт. 2017, Бейшемби, 16:54

“Кыз-Бурак” тобунун көркөм жетекчиси, Кыргыз эл артисти Гүлшайыр Садыбакасованын кызы Сайкал Садыбакасова “Элтр” телеканалынын белгилүү теле алып баруучусу Максат Доврановга турмушка чыгууда. Бул тууралуу Максат Довранов өзүнүн соцтүйүндөгү баракчасына маалымдады.

Кечээ, 25-октябрда кыргыздын салты боюнча Сайкалга анын колун сурап Довранов сөйкө салып, соцтүйүндөгү баракчасына: “Көптөн күткөн күн. Кудайга шүгүр, тилектерим орундалууда... Апам жана апамдын келини", - деген билдирүү калтырып, Сайкал Садыбакасованын жоолук салынып чогуу түшкөн сүрөтүн жарыялаган.

Эки жаштын өкүл атасы Маданият, маалымат жана туризм министринин түштүк аймагы боюнча маданий борборунун жетекчиси Асан Мансуров, өкүл апасы анын жубайы белгилүү ырчы Самара Каримова болушту. Муну дагы Самара Каримова тастыктап "Фейсфуктагы" өздүк баракчасына жазды.

Жубайлардын үйлөнүү-үлпөт тоюу 14-ноябрда белгиленген. Оштогу эң белгилүү ресторандардын биринде өтмөкчү.

Ишенимдүү булактарыбыздан билдиргендей, тойго чакырылган коноктордун саны көп болгондуктан, тойго чакырылбай калабызбы деп санааркагандар көп. Ал эми ырчыларга бирден гана ыр ырдоого уруксат берилет. Мындан тышкары той күнү Гүлшайыр Садыбакасова күйөө баласына жана кызына үй же автоунаа белек берүүсү күтүлүүдө. Азыркы тапта эки жаш тойго кызуу даярдык көрүп жаткан маалы.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!