​Кара-Сууда эже-сиңдини унаа коюп качып кетти

26-Окт. 2017, Бейшемби, 17:55

Кара-Суу районунда эже-сиңдини унаа сүзүп качып кетти. Бул тууралуу Ош облусунун ички иштер башкармалыгынын Патрулдук милиция кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 25-октябрда болжол менен саат 19:00 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 638-чакырымында белгисиз айдоочу түндүктөн түштүктү карай жолдон өтүп бараткан бир тууган эже-сиңдини коюп кеткен. Алар 1973-жылкы Д.М. жана 1960-жылы туулган Д.М. аттуу эже-сиңди тең Өзбекстандын жарандары болгон. Айдоочу кырсык болгондон кийин окуя болгон жерден из жашырып кеткен.

Кырсыктын кесепетинен бир туугандардын кичүүсү каза болсо, улуусу ооруканага жеткирилген.

Патрулдук милиция окуя тууралуу кандайдыр бир маалымат билгендер болсо төмөнкү телефондор аркылуу байланышып, маалымат айтып коюуну жарандардан өтүнөт: “102” нөөмөт бөлүмү же (03222) 2-30-87, (0551) 80-80-88

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!