​Дайынсыз жоголгон 14 өспүрүм табылды

26-Окт. 2017, Бейшемби, 18:13

Милиция кызматкерлери дайынсыз жоголгон 14 баланы табышты. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 18-октябрдан 20-октябрга чейин жоголгондорду издөө иштери коомдук коопсуздук кызматы менен биргеликте ата-энелердин жана туугандарынын билдирүүлөрүнүн негизинде жүргүзүлгөн.

«Рейддин алкагында соода-рыноктук комплекстер, бекеттер, жер төлөө-чатырлар, имараттар, түнкүсүн компьютердик клубдар, кафелер, букмекердик кеңселер жана башка жашы жете электер топтолуучу жайлар текшерилген. Анын жыйынтыгында 439 жашы жете элек аныкталып, ИИБге жеткирилген. Алардын ичинен 69у ИИМдин Жашы жете электер арасында укук бузууларды алдын алуу борборуна жеткирилип, 52си ИИБ каттоосуна алынып, калгандары түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдөн кийин ата-энелерине же алар менен алектенген адамдарга өткөрүлүп берилди»,- деп айтылат билдирүүдө.

Андан сырткары “Антирэкет, зордук-зомбулукка каршы” алдын алуу иш-чараларынын жүрүшүндө ИИМдин кызматкерлери тарабынан дайынсыз жоголгон 14 өспүрүм табылгандыгы айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, рейд түнкүсүн кароосуз жүргөн жашы жете электер кылмыштардын курмандыгы болбошу үчүн өткөрүлгөн
Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!