Чек арада тургандардын тамак-ашына каражат бөлүндү

27-Окт. 2017, Жума, 09:46

Президент Алмазбек Атамбаев кыргыз-казак мамлекеттик чек арасынан өтүү үчүн кезекте турган жарандардын тамактануусун уюштурууну камсыз кылууга бир миллион сом бөлдү.

Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди. Акча каражаты президенттин жана өкмөттүн иш башкармасына президенттик социалдык коргоо жана колдоо фондунан бөлүндү.

10-октябрдан бери кыргыз-казак чек арасынан өтүү кыйындап, жарандардын жана жүк ташуучу унаалардын бир нече чакырымга созулган узун кезеги пайда болгон.

18-октябрда өкмөт башчы Сапар Исаков Казакстанга барып, казак өкмөт башчысы Бакытжан Сагинтаев менен чек арадан жай тургундарды, жеңил унааларды, жүк ташуучу бош унааларды тоскоолдуксуз өткөрүү тууралуу макулдашууга жетишкен.

Бирок жүк ташуучу унааларды өткөрүү татаал бойдон калууда.

Ал ортодо айрым эл өкүлдөрү чек арада чыгашага учурап жаткан ишкерлерге мамлекет кенемте төлөп бериши керектигин айтып чыгышты.

Дээрлик 20 күндөн бери ары же бери жыла албай турган айдоочуларга буга чейин да ыктыярдуу топтор тамак-аш жеткирип турушту.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!