Ленин чокусу Манас-Ата зоосу болуп өзгөрдү

27-Окт. 2017, Жума, 10:11

Ош облусунун Чоң-Алай районундагы Ленин чокусу мындан ары Манас-Ата зоосу деп өзгөртүлөт.

Тийиштүү жарлыкка президент Алмазбек Атамбаев кол койгонун мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.

Жогорку Кеңешке жана өкмөткө Ленин чокусунун аталышын Манас-Ата зоосу деп өзгөртүү жөнүндө мыйзам кабыл алуу сунушталды.

“Анткени бул бүгүнкү күндө Кыргызстан элинин көп кылымдык тарыхы менен бекемделген жападан жалгыз туура чечим болот”,-деп жазылат жарлыкта.

Жарлык расмий жарыялангандан тартып күчүнө кирет.

Ленин чокусу Чоң-Алай кырка тоосунун борбордук бөлүгүндөгү эң бийик чоку. Бийиктиги 7134 метр. Бийиктиги боюнча Кыргызстанда экинчи, КМШда үчунчү орунда турат. Жергиликтүү эл арасында чокунун Желайдар деп аталган аталышы айтылып жүрөт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!