Көмүр казган үч адам каза тапты

27-Окт. 2017, Жума, 12:08

Баткен облусунда өз алдынча көмүр казып жаткан үч адам газга ууланып каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 27-октябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 26-октябрда Баткен районунун Самаркандек айыл аймагынын Гарым учаскасында шахтада өз алдынча көмүр казган 3 адам шахтанын ичинде газга ууланып, каза табышкан. Алар 1970-жылы туулган С.О., 1972-жылы туулган И.И. жана 1987-жылы туулган А. уулу У. Самаркандек айыл аймагынын тургундары болушкан.

“Издеп куткаруу иштерин жүргүзүү үчүн ӨКМнин Сүлүктү шаарындагы №1 өзүнчө мобилдик тоо-кен кырсыктарынан куткаруу взводунан 9 куткаруучу жана райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы тартылган. Куткаруучулар шахтанын ичине киришип, 27-октябрда саат 02:30да 90 метр тереңдиктен газга ууланып, каза болушкан 3 адамдын сөөгүн алып чыгышып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен”,- деп айтылат маалыматта.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!