Кыргызстанда 15 миң аял жылда эки жолу төрөйт

27-Окт. 2017, Жума, 12:37

Бүгүн, 27-октябрда Бишкекте Кыргызстандагы энелердин өлүмүн болтурбоо, өлүмдү алдын алуу жаатында жыйын өткөрүлдү. Жыйындын жүрүшүндө Бириккен Улуттар Уюму менен Кыргызстандын үй-бүлөнү пландоо альянсы биргеликте энелердин өлүмүн келип чыгышынын негизги себептери тууралуу жүргүзүлгөн изилдөөнүн жыйынтыгы чыгарды.

Иш-чарага өлкөнүн биринчи канайымы Раиса Атамбаева, вице-премьер министр Чолпон Султанбекова, Саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев, Жогорку Кеңештин депутаттары жана башка саламаттыкты сактоо тармагынын өкүлдөрү катышты.

Кыргызстандагы үй-бүлөнү пландаштыруу алянсынын жетекчиси Бактыгүл Бозкөрбаеванын айтымында, Кыргызстанда 2014-2015-жылга чейин жүргүзүлгөн изилдөөдө 141 аял төрөттөн көз жумган.

“Купия түрдө энелердин өлүмү тууралуу иликтөө жүргүзүлдү. Алсак, 2014-2015-жылга чейин өлкө аймагында 141 аял төрөттөн каза болгон. Анын ичинен медициналык борбордо каза болгону өзүнчө, борбордун тышкары жерде өзүнчө үйдө, жолдо каза болгон аялдардын саны 14 түзсө, үйдө төрөттөн каза болгондордун саны 8, жолдо 6 аял көз жумган. Мында унаанын өз убагында келбей калышы, жолдун начардыгы себеп болгон. Алардын көпчүлүгү алыскы бийик тоолу райондордо жашагандар",-деди ал.

Бозкөрбаева кошумчалагандай, төрөттөн көз жумгандардын көбү аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдөн болууда.

"Төрөттөн көз жумган аялдардын дагы бир себеби үй-бүлөнү пландаштырыш керек. Мисалы үчүн жылына 170 миң аял төрөсө, анын ичинен 15 миң аял бир жылда эки жолу төрөйт. Бул нерсе үй-бүлөнүн пландаштырлбагандыктан себебинен келип чыгууда. Көбүнчө каза болгон аялдар аз камсыз болгон үй-бүлөдөн, социалдык жашоо шарты начар жашаган үй-бөлөдөн болууда”,-деди Б. Бозкөрбаева.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!