​Клара Алибекова: “Наам деле алган эмесмин”

27-Окт. 2017, Жума, 13:15

90-жылдары кыргыз сахнасында “Кыргызымдын жигиттери”, “Классташым” жана башка ырларды аткаруу менен эл оозуна алынган ырчы Клара Алибекова акыркы мезгилде сахнадан алыстаса дагы өзүнүн күйөрмандарын жогото элек. Ырчынын чыгармачылыгы жана жеке жашоосу туурасында маектештик.

- Көптөн бери сахнадан көрүнбөй кеттиңиз учурда эмне менен алексиз?

- Өзүмдүн турмуш шартыма байланыштуу чыгармачылыктан бир топ алыстай түштүм. Сахнага кайтам, чыгармачылыгымды улантам, деп жакшы эле аракет жасайм, бирок ар кандай себептерден улам сахнага чыга албай келем. Учурда балам менен алекмин ал быйыл 4-класста окуп жатат. Чынын айтканда, менин чыгармачылыгымды баалаган, сахнага чыгышымды күткөн күйөрмандарым деле бар. Алар акыркы убакта сизди көрбөй калдык, сахнага кайтыңыз дегендер көп. Ал тургай сиздин чыгармачылыгыңызга колдоо көрсөтөбүз деп сөз бергендер да болот. Бирок, эч ким деле колдоо көрсөтө элек. Кудай буюрса аракет кылып, жаңы ырлардын үстүнөн иштеп, эл алдына ырдап чыгайын деген пландарымдын үстүнөн иштеп жатам.

- Быйылкы жаңы жылдык көрсөтүүлөрдө да сизди көрө алган жокпуз?

- (КТРК) Коомдук биринчи канал жана башка телеканалдарда жыл сайын жаңы жылдык көрсөтүүлөрдү өткөрүп турат эмеспи. Бул жолкусунда өзүмдүн даярдыгым жоктугуна байланыштуу катыша алган жокмун. Былтыр продюсер Канат Кадыржандын сунушу менен жаңы жылдык көрсөтүүлөргө катышкам.

- Сиздин чыгармачылыгыңыз кичине кезиңизден башталган, ошол кезде кыялданган максатыңызга жете алдыңызбы?

- Чыгармачылыкка чынында эле эрте аралашкам. Азыр ойлонуп көрсөм Кудай берген талант менен кызыгып эле эрте сахнага аралашып, чыгармачылыгымды туура пайдалана албаптырмын. Ойлоп көрсөм көпчүлүк адамдар “бул жаш кыз эмнени түшүнмөк эле” дешип жаштыгымдан көп кишилер пайдаланып калыптыр. Ал убагыма деле өкүнбөйм. Көпчүлүгү азыр: “ырдап, иштеп, көптөгөн гастролдорго чыгып жүрдүң, эмне үчүн ошол убакта өзүңдүн мүмкүнчүлүгүңдү колдоно албадың, эгер колдонуп алганыңда мындай абалга кептелмек эмессиң” деген сындуу суроолорду берип калышат. Азыр деле кеч эмес “аракет кылсаң берекет” дегендей бир аз да болсо жаңы ырлардын үстүнөн иштеп жатам. Андыктан менин айтаарым кайсы гана ырчы болбосун өзүнүн атактуулук мезгилин туура пайдаланып калса, баары ойдогудай болот.

- Аткарып жүргөн ырларыңыз азыркы мезгилге чейин өзүнүн популярдуулугун жогото элек. Ал үчүн атайын сыйлыктарды алдыңыз беле?

- “Кыргызымдын жигиттери”, “Классташым”, “Балалык” жана башка ырлар азыркыга чейин элдин жүрөгүндө экен. Кайсы жерге барбайын ошол ырларымды суранышып, эл башкача кабыл алышат. Ал эми сыйлык тууралуу айта турган болсом, азыркы ырчыларга окшоп эч кандай деле сыйлык алган эмесмин. Жаңы жылдык кечелерде гана берилген сыйлык болбосо башка сыйлыктарым жок. Мен деле ойлоп калам азыркы ырчылар эле эмес, мурунтан бери ырдап жүргөн ырчыларга деле сыйлыктар берилип келет. Ал үчүн чыгынып, эмгектенүүнүн үстүндө жүрүш керек.

- Концерттик иш-чараларга дагы катышып турасызбы?

- Катышам деген ойлор бар, ал үчүн жаңы ырлардын үстүнөн иштеп жатам. Жакында эле ырчы Чыңгыз Турдубековго ыр тууралуу кайрылганымда мага бир ырын берди. Аны жаздырып буюрса эл алдына ырдап чыгам. Анткени ал ырчынын ырларына суроо-талап жогору болгондуктан көпчүлүк ырчылар анын калемине жана обонуна таандык ырларын аткарып жүрөт. Аткарган ырым ийгиликтүү болсо, клип тартайын деген пландарым бар. 97-жылдан бери клип тарта элекмин.

- 90-жылдарга салыштырмалуу кыргыз сахнасы өнүгүп-өстү, элдин табити да өзгөрдү. Сиз эки муундун ырчысы катары жаңыдан чыгып келе жаткан ырчылар тууралуу пикириңиз кандай?

- Ырчылар көп, ар бир ырчынын өзүнүн күйөрмандары бар, көпчүлүгү заманбап стилде чыгып жатат. Алар азыр азыркы жана мурунку муун болуп эки муунга бөлүнүп калышпадыбы. Менин оюмча сахнага таланты барлары гана чыгып жатат. Аларга эч кандай деле сын айткым келбейт. Болгону таланты, билими барлары гана чыкса. Ыр жагынан болсо угуп калам кыргыздын айрым ырчылары казак ырларын кыргыз тилине которуп ырдап жүргөнүн, ал эми биздикилер айтат “алар биздикин которуп ырдашат” дешет.

- “Байлар дагы ыйлашат” тасмасында роль аткарыптырсыз, ал киного кандайча тартылып калдыңыз?

- Ушул убакка чейин бир дагы киного тартылып көрбөптүрмүн. Бирок тасмада роль ойноого кызыгуум бар болчу. Режиссер Ырыс Жоомартова “жакында кино тартканы жатам, тартылып көрбөйсүңбү, ырчылардын баары эле тартылып жатпайбы” деп сунуштаганынан эжеге жолугуп макулдугумду берип анын “Байлар дагы ыйлашат” деген тасмасына тартылып көрдүм. Ага атайын даярдык деле көргөн жокмун күтүүсүздөн эле тартылып калдым. Бүткөндөн кийин Ырыс эже “киного жакшы тартылат экенсиң, мындан башка да кино тартып калсам сен катышып көрбөйсүңбү” деп сунушун айтты. Аталган тасманы көрөрмандар кандай кабыл алышкандагында ага эл өзү күбө

Эскерте кетсек, бүгүн, Клара Алибекова 35 жашка чыкты. Ырчы 1982-жылдын 27-октябрда Жалал-Абад облусунун Көк-Жаңгак шаарчасында төрөлгөн. Ырчынын туулган күнүн утурлай Клара Алибекованын “Zамаn Кыргызстан” эл аралык гезитиндеги 2015-жылдын январь айында чыккан маегин окурмандарга сунуштоону туура көрдүк.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!