Эки кап баңгизат менен кармалды

27-Окт. 2017, Жума, 14:58

Түп районунун мурда соттолгон 56 жаштагы тургуну ири көлөмдөгү баңгизат менен кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 27-октябрда Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, ИИМдин кызматкерлери тарабынан Ак-Суу районунун Отрадное айылында жайгашкан сарайлардын биринен Түп районунун 56 жаштагы жашоочусу эки капка салынган баңгизат менен кармалган.

Алынган зат экспертизага жөнөтүлүп, жыйынтыгында 20 килограмм салмактагы “марихуана” баңгизаты болуп чыккан. Андан сырткары 500 грамм салмактагы эки банкага салынган гашиш табылып алынган. Тергөө учурунда кармалган адам мурда дагы эки жолу соттолгону анык болгон.

Жогорудагы факты боюнча кылмыш иш козголуп, шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, азыркы учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!