Жалал-Абадда "Баткенчилер" эскерилди

27-Окт. 2017, Жума, 15:29

Баткен согушунун аяктаганына 17 жыл болду, ага карата Жалал-Абад шаарынын “Жеңиш” эс алуу багында согуштан каза болгондорду эскерүү иш-чарасы болуп өттү жана ага шаар бийлигинин, ишкана-мекемелеринин жетекчилери, коомчулук өкүлдөрү катышышты. Бул тууралуу Жалал-Абад шаарынын мэриясынан билдиришти.

Иш-чара учурунда согушта курман болгондорго Куран окулуп, эстеликке гүлчамбарлар коюлду. Расмий иш-чарадан соң, баткенчилерге сый-тамак жана концерттик программалар шаардагы “Салкын” эс алуу жайында уюштурулду. Ал эми иш-чарага шаардык бюджеттен 85 миң акча каражаты каралган.

Сабихилла Султанов 43 жашында Баткен согушуна катышкан. Анын айтымында, жыл сайын ушул күндү майрам катары белгилеп, курман болгондорго куран окушат.

-Баткен согушуна 17 жыл болсо да, жылда Жалал-Абад шаарынын жергиликтүү бийлиги чакырып, бизге сый көрсөтүшөт. Бул үчүн шаар бийлигине ыраазычылык билдиребиз, - дейт ал.

Ал эми Жалал-Абад шаарынын вице-мэри Айзат Раматиллаеванын айтымында, Баткен согушунун катышуучуларына шаардык мэрия тарабынан сый-тамактар, урмат көрсөтүү чаралары уюштурулган.

-Алардын бир күн болсо да маанайын көтөрүү максатында концерттик програмалар уюштурулду. Ал эми каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө акчалай колдоолор тапшырылды. Эми Баткен согушунун катышуучуларынын балдарына да жеңилдиктер каралып жатат жана эс алууларына кеңири мүмкүнчүлүктөр түзүлө берет, - дейт А. Раматиллаева.

Эскерте кетсек, Баткен согушуна Жалал-Абад областынан 1200 атуул катышкан. Алардын ичинен миңи арабызда, алардын ичинен Жалал-Абад шаарынын аймагында 95и бар. Алар жылына 500 сомдон жөлөк пул алышат, бир жылда бир жолу 2 миң сомдон жардам берилет.Баткенчилердин балдары мектептердеги ата-энелер фондсуна, балдар бакчаларга төлөмдөрдөн бошотулган. Жайкы эс алуу лагерлерине балдары акысыз барышат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!