Абулгазиев борбордук мечиттен кабар алды (фото)

27-Окт. 2017, Жума, 15:54

Президенттин аппарат жетекчисинин биринчи орун басары Мухамметкалый Абулгазиев Түркия мамлекети тарабынан Бишкек шаарында курулуп жаткан республикалык “Имам Сарахсий” атындагы борбордук мечитти зыярат кылып, андагы курулуш иши, мечиттин жасалгасы жана айрым көйгөйлүү маселелер менен жеринде таанышты. Бул тууралуу Кыргызстан Мусулмандар дин башкармалыгынан билдиришти.

Мухамметкалый Абулгазиев айрым ведомство өкүлдөрүнө мечиттин курулушундагы көйгөйлүү маселелерди чечүүгө жардам көрсөтүү боюнча тапшырмасын берип, мечит борбордун көркү болуп калаарын баса белгиледи.

Мечиттин курулуш иши менен таанышууга КР Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору Зайырбек Эргешов, КРдин Президентинин Аппаратынын этностук, диний саясат жана жарандык коом менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн эксперти Кубанычбек Абакиров, Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийинин орун басары Жоробай ажы Шергазыев баштаган бир катар дин кызматкерлери катышты.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!