Көмүр казуучу жай уруксатсыз иштеп жаткан

27-Окт. 2017, Жума, 16:16

Баткен районундагы Самаркандек айыл өкмөтүнө караштуу Гарым участкасындагы өз алдынча көмүр казып алуу жайына Мамэкотехинспекция тарабынан 2016-жылы эле эскертүү берилип, көмүр казуучу жай токтотулган. Бирок ага карабастан, ал жерди казып жаткан жаран жергиликтүү тургундарды жашыруун жалдап иштетип жүргөн. Бул тууралуу Экологиялык техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Өткөн жылы Мамэкотехинспекция ишти укук коргоо органдарына өткөрүп берип, укук коргоочулар тарабынан катуу эскертүү алган. Административдик айып гана төлөбөстөн, шарттуу түрдө үй камагына алынган.

"Мамэкотехинспекциянын директору Канатбек Муратбековдун тапшырмасынын негизинде, Мамэкотехинспекция тарабынан Кыргызстан боюнча мыйзамсыз өз алдынча көмүр казып жаткан жарандарга эскертмелер берилип, казуу иштерин токтотуу боюнча айрым жарандарга иш козголгон. Бирок мындай көрүнүшкө баш ийбеген жарандар дагы жок эмес. Анын кесепетинен кокустуктар көп учурап жатат. Учурда өлкөдөгү баардык көмүр казуучу шахталардын техникалык жана экологиялык коопсуздугуна текшерүү жүрүп жатат",-деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, кечээ, 26-октябрда аталган шахтада өз алдынча көмүр казган 3 адам шахтанын ичинде газга ууланып, каза табышкан.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!