​Анджелина Джолинин кийими талкууга түштү

27-Окт. 2017, Жума, 17:10

Голливудтун эң таанымал жылдыздарынын бири Анджелина Джоли мода дүйнөсүнүн күйөрмандарын жана сынчыларды таң калтырды. Актриса өзүнүн жашына шайкеш келбеген көйнөк кийип, элдин сынына кабылды. Бул тууралуу Woman’s day журналы жазып чыкты.

Көпчүлүгү Анджелинанын жаңы образда кийген кийиминен кийин «Анджелина кемпирге окшоп калыптыр» деп сындашууда.

Faces Places фильминин бет ачаарына Анджелина кара түстөгү көйнөк, анын сыртынан сары түстөгү кийим кийген. Мода күйөрмандарынын пикирине караганда, актрисанын жаңы образы жылуу кийим оронуп алган байбичелерди эске салаарын билдиришкен.

Актрисанын эмне себептен мындай кийим кийгени белгисиз.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!