Түгөлбай Казаков министрлик кызматтан бошотулду

28-Окт. 2017, Ишемби, 12:44

Президент Алмазбек Атамбаев кол койгон буйруктун негизинде Казаков Түгөлбай Токтогулович Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министринин кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Жарлык КРын Конституциясынын 87-беренесинин 1-бөлүгүнө, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 24-беренесинин 4-1-бөлүгүнө ылайык токтом кылынды. Жарлык кол коюлган учурдан баштап күчүнө кирет.

Эскерте кетсек, Казаков 2016-жылдын 2-июлдан бери министрликти жетектеп келген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!