Милициянын өлүмүнө шектүү адам кармалды

28-Окт. 2017, Ишемби, 15:49

Бишкекте бычакталып өлтүрүлгөн милиционердин өлүмүнө шектүү адам кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, кылмышка шектүү жаран бүгүн Бишкектен кармалган.

«Кылмышка шектүүнүн ким экени азырынча айтылбайт», — деп айтылат билдирүүдө.

Шаардык милициядан кабарлашкандай, бул факты боюнча кененирээк маалымат кийинчерээк жарыяланат.

Эскерте кетсек, 26-октябрга караган түнү саат 03:00 чамаларында Бишкек шаарынын Бөкөнбаев жана Исанов көчөлөрүнүн кесилишинде 25 жаштагы милиционер Уларбек Майрамбековдун сөөгү табылган.

Каза болгон милиция кызматкери иштен чыгып, кесиптешине Бишкектин кесилиштеринин бирине жеткирип коюуну суранып, ошол жерде калган. Кийин кызматкер бычактан алган жаракатынан каза болгону белгилүү болгон. Бул факты боюнча кылмыш иш козголуп, бир катар экспертизалар дайындалган.

Маркум кырсыктан бир күн мурда анын кароосундагы иштин материалдарын жана өзүнүн табелдик куралын өткөрүп, андан соң, үйлөнүүсүнө байланыштуу өргүүгө чыгуу үчүн рапорт жазган.

Уларбек бир жылдан бери Бишкек шаардык Биринчи май райондук ИИБде эмгектенип жаткан.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!