Бишкекте 5 күн убактылуу газ берилбейт

30-Окт. 2017, Дүйшөмбү, 10:43

Бишкектин бир катар райондорунда оңдоо иштери жүргүзүлүп жаткандыгына байланыштуу айрым райондордо жаратылыш газын берүү убактылуу токтотулат. Бул тууралуу «Газпром Кыргызстан» жоопкерчилиги чектелген коомунан билдиришти.

- 30-октябрдан 3-ноябрга чейин Бишкек шаарынын Ибраимов, Москва, К.Акиев, Чүй проспектисинин; Ж.Жолу, Суюмбаев, Түгөлбай Ата, Шопоков көчөлөрүнүн кесилишкен аймагында;

- 9-ноябрда Ленинское айылынын Набережная №1-75 дарегинде.

Оңдоо жана калыбына келтирүү иштери газ колдонуучуларды үзгүлтүксүз жаратылыш газы менен камсыз кылуу максатында жүргүзүлүүдө.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!