Баткенде 20 гектарды ээлеген чөп күйүп кетти

30-Окт. 2017, Дүйшөмбү, 11:16

Баткен облусунуна караштуу Баткен районунда 28-октябрда саат 13:45 чамасында Кайыңды айылына караштуу Тегирмен тоосунун түндүк-чыгыш тарабында куураган чөп күйгөн. Бул тууралуу ӨКМнын маалымат кызматынан билдиришти.

ӨКМнын 3-Өзүнчө издеп-куткаруу отрядынан 45 куткаруучу, ӨКМнин №26 аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүгүнөн 15 куткаруучу жана жергиликтүү тургундардан 30 адам тартылган. 29-октябрь күнү саат 17:50дө өрт чектөөгө алынган. Түн киргендигине байланыштуу өрттү өчүрүү иштери саат 18:30да убактылуу токтотулган.

Өрттүн кесепетинен болжол менен 20га куураган чөп, бадал өсүмдүктөрү күйгөн.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!